Ат-Башыга киргизилген өзгөчө кырдал режими алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайы турукташып, жааган кар эрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлгандыгына байланыштуу көзөмөл жергиликтүү бийликке жүктөлүп, куткаруучулардын жардамына муктаждык жок экенин билдирген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам 4-майда Ат-Башынын акимдин буйругунун негизинде 5-майдан тарта Ат-Башы районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими алынат. 2-3-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, калың жааган кардын кесепетинен жайлоо-кыштоолордо мал-жандыктар тоютсуз калышкан. Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жем-чөп жеткирилген.