«Ат-Башынын жайлоолоруна тизеден кар жаады» деген видео тарады

Социалдык тармактарда «Ат-Башынын жайлоолоруна тизеден кар жаады» деген видео тарады.

Тараган видеодо Торугарт өткөрүү пунктуна жакын жерде кардын калыңдыгы 43 сантиметрге жеткени айтылган. Ал эми райондук бийлик эртең менен тиешелүү органдар болуп малчыларды кыдырып, керектүү жардам берилип жатканын кабарлаган. Анда кардын калыңдыгы Арпа менен Ак-Сай жайлоолорунда 15-20 сантиметр экени айтылган.