Ат-Башы районунун тургуну көзү өткөн жакындарына аш берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрдү.
Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында жаш өспүрүмдөр арасында райондор аралык Куран жарышы болуп өттү. Жарышта Ат-Башы районуна караштуу айылдардын имамдарынан Куран сабагын алып жүргөн окуучулар күч сынашты.
Жыйынтык катышуучулардын Куранды так жана туура окугандыгы эске алуу менен чыгарылды. Алдыңкы орундарды багындырган жана жалпы катышкан өспүрүмдөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Айыл тургуну мурдагы жылы дүйнө салган Жусуп Солтонкулов жана Арун Солтонкулов аттуу агаларынын жаркын элесине арнап Куран жарышын уюштурган. Алар аш берүүнүн ордуна Куран жарышын өткөрүп, окулган Курандардан пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоону туура көрүшкөн.