«Ата-Бейитте» кыргыз-тажик чек арасында каза болгондор эскерилди (сүрөт)

Бүгүн, 16-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Курман болгондорду эскерүүгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Алимбаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.

Митинг-реквием жоокерлердин түбөлүк жайына гүлчамбар коюу менен башталды. Аларга багышталып куран окулуп, андан соң иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт үн катпай эскеришти.