Шаршемби, 17.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду. Өлкө башчысы көңүл айтты

09:02 15.08.2024
0
“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду. Өлкө башчысы көңүл айтты
«Аттиң дүйнө… Кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганын угуп, каңырыгым түтөп олтурам». Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында жазды.

«Айрыкча, быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, “Улут аталары жөнүндө” жарлык кабыл алынган жылы капилеттен кош айтышып, о дүйнө кете бергени мени терең ойго салды. Бүбүйра апанын “Ата бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет.

Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет?

Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту. Эң өкүнүчтүүсү бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле…

Өлүмгө айла жок экен. Баарыбыздын бараар жерибиз да ошол. Мен Бүбүйра апанын жакындары менен туугандарына жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, аза кайгысы менен тең бөлүшөм!» — деп жазды өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

ӨКМ эскертет! 17-19-декабрдагы аба-ырайы

ӨКМ эскертет! 17-19-декабрдагы аба-ырайы

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
14:55 16.12.2025
0

Үстүбүздөгү жылдын 17-19-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз...

Кайсы медициналык кызматты акысыз ала аласыз? Эми аны тиркемеден билсиңиз болот

Кайсы медициналык кызматты акысыз ала аласыз? Эми аны тиркемеден билсиңиз болот

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
14:47 16.12.2025
0

Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган 5,2 миллиондон ашык жаран кайсы кызматты акысыз жана жеткиликтүү экенинин “Түндүк” тиркемесинен биле алышат....

Президенттик балатыга кимдер катыша алат? 

Президенттик балатыга кимдер катыша алат? 

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:55 16.12.2025
1

Президенттик балатыга кимдер катыша ала тургандыгын президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды. "Учурунда жалаң эле чиновниктердин...

Кыргызстанда сасык тумоо 11,7 пайызга азайган

Кыргызстанда сасык тумоо 11,7 пайызга азайган

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:41 16.12.2025
0

Кыргызстанда өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоого чалдыгуу 11,7%га азайып, 37 миң 629 учур катталган. Ооругандардын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар...

Кыргызстан Египетте элчилик ачат

Кыргызстан Египетте элчилик ачат

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:54 16.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
ӨКМ эскертет! 17-19-декабрдагы аба-ырайы

ӨКМ эскертет! 17-19-декабрдагы аба-ырайы

14:55 16.12.2025
Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 миллион сомун алган шектүү кармалды

Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 миллион сомун алган шектүү кармалды

15:10 16.12.2025
Кайсы медициналык кызматты акысыз ала аласыз? Эми аны тиркемеден билсиңиз болот

Кайсы медициналык кызматты акысыз ала аласыз? Эми аны тиркемеден билсиңиз болот

14:47 16.12.2025
Президенттик балатыга кимдер катыша алат? 

Президенттик балатыга кимдер катыша алат? 

1
Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 миллион сомун алган шектүү кармалды

Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 миллион сомун алган шектүү кармалды

1
Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 миллион сомун алган шектүү кармалды

Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 миллион сомун алган шектүү кармалды

15:10 16.12.2025
ӨКМ эскертет! 17-19-декабрдагы аба-ырайы

ӨКМ эскертет! 17-19-декабрдагы аба-ырайы

14:55 16.12.2025
Кайсы медициналык кызматты акысыз ала аласыз? Эми аны тиркемеден билсиңиз болот

Кайсы медициналык кызматты акысыз ала аласыз? Эми аны тиркемеден билсиңиз болот

14:47 16.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү