“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду. Өлкө башчысы көңүл айтты

«Аттиң дүйнө… Кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганын угуп, каңырыгым түтөп олтурам». Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында жазды.

«Айрыкча, быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, “Улут аталары жөнүндө” жарлык кабыл алынган жылы капилеттен кош айтышып, о дүйнө кете бергени мени терең ойго салды. Бүбүйра апанын “Ата бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет.

Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет?

Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту. Эң өкүнүчтүүсү бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле…

Өлүмгө айла жок экен. Баарыбыздын бараар жерибиз да ошол. Мен Бүбүйра апанын жакындары менен туугандарына жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, аза кайгысы менен тең бөлүшөм!» — деп жазды өлкө башчысы.