«Ата» деп ыйлады». Бишкекте чарчап калган наристенин атасы окуя тууралуу айтып берди

Бишкекте 2 жаштагы наристе чарчап калган. Маалыматты Октябрь РИИБден тастыкташкан.

СуперТВ телеканалына наристенин атасы окуя тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2-декабрда 2 жашка толгон уулунун 13-январда дене табы көтөрүлүп, ага дем жетпей баштаган. Алар саат 13:00дө Тез жардам чакырышкан, бирок Тез жардам чалуулар көп экенин айтып, баргыча 1 саат өтөт дешкен. «Жубайым мага чалып, Тез жардам келе албасын айтты. Мен такси менен 3-балдар ооруканасына алып бара бер деп, жумуштан суранып, ооруканага бардым. Ингаляция кылганын айтты. Кабыл алууда мен баргыча жарым саат, мен баргандан кийин 3 саат отурдук. Дарыгердин артынан жүрдүм. Отуруп тургула деп койду. Анан уулумдун мурдуна кислород кийгизишти. Баламдын оозу көгөрө баштады. Дарыгерге айтсам, аны менен дем ала албай жатканын билип туруп, кислородду жулду. Жандандыруу бөлүмүнө баламды өз колум менен көтөрүп бардым. Анан колуман алышты. «Папа» деп ыйлады. Акыркы айткан сөзү ушул болду. Саат 18:00дө «уулуңуз өлүп калды» дешти. Уулумдун ден соолугу жакшы болчу. Дарыгерлер шалаакылык кылышты. Жумуштан үйгө барсам, чуркап тосуп алчу. Бою кичинекей болгону менен ден соолугу мыкты болчу. 2 кыз, 1 уулум бар болчу. Бул менин жалгыз уулум», — дейт ыйлаган ата.

Бир нече сааттардан кийин SUPERTV телеканалына окуя боюнча видео чыгат. Андыктан акмалап туруңуздар.

Наристенин сүрөтү атасынын уруксаты менен жарыяланды.