Ата-энелер бала бакчаларда нөөмөттүк топторду ачууну талап кылышууда

Мектепте балдарды окутуунун атайын алгоритмдери бар. Бул тууралуу борбор калаадагы мектеп жана бала бакчаларды ачуу маселесин талкуулаган жыйында Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Бул иш–чарада ата-энелер бала бакчаларда нөөмөттүк топторду ачууну талап кылды.

Ата-энелер балдарын кайда калтырууну билбей өзү менен кошо жумушка ээрчитип барууга мажбур болуп, кыйналып жатканын билдиришти.

«Жеке бала бакчалар иштейт, бирок ал баардык ата-энелердин капчыгына туура келбейт»,- дешти алар.

Балдарын нөөмөттүк топко жиберүүнү каалаган ата-энелер баланын ден-соолугу үчүн жоопкерчиликти өз мойнубузга алабыз деп убада беришти.

Иманалиева жыйынга келген ата–энелерге: “Жеке менчик мектептерде жана бала бакчаларда класстар жана топтор кыйла аз. Бардык талаптарды аткаруу аларга жеңилирээк. Бала бакчалардын ишин 1-февралдан баштап даярдык топторду түзүп жандандыралы дедик, бирок биздин сунуш жактырылган жок», — деп жооп берди