«Ата-энелери колунда бар адамдар». Ташиев “элиталык” 200 сойку кармалганын билдирди

“Элиталык” 200 сойкуну кармадык». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ооба, биз буга чейин 70 кыздын сүрөтүн ачык жарыяланганбыз. Бул 200 кыздын жүзүн ачыктаган жокпуз. Алардын баары каттоого алынды. Ата-энесин чакырып, көрсөтүш керек. Кыздары эмне менен алек болуп жатканын билишсин. Алардын ата-энелери колунда бар эле адамдар. Ал кыздарга жакшы билим беришкен. Бирок кыздар жаман иш менен алектене беришкен. 200 кыз кайрадан кармалса, бетин, аты-жөнүн жарыялоого аргасыз болобуз», — деди ал.