«Ата-энесинин үйүнө коркуп, барбай жүргөн». 10 жыл күйөөсүнөн кордук көргөн келин жардамга муктаж

10 жыл бою өзү жана балдары күйөөсүнөн кордук көргөн келин «Сезим» борборунун транзиттик үйүндө жашап жатат. Келиндин 3 баласы бар. 

«Бул анын 2-турмушу, ал жана анын балдары 10 жыл күйөөсүнөн кордук көрүп келишкен. 3 баласынын эки кичинекейи дал ошол турмушунан. Айзада экинчи турмушка чыккандан кийин ата-энесинин үйүнө кайтып баргандан коркуп, кыйноого чыдаган. Дагы катуу сабалгандан кийин ал балдары менен үйдөн качып, бизге жардам сурап кайрылышкан. Учурда келин жана анын балдары жардамга муктаж болууда. Ал өзү үйлөрдү тазалоо боюнча жумушта иштеп жатат. Бизге кийим-кече жагынан жардам берсеңиздер жакшы болот эле», — дешет борборун кызматкерлери. 

Жардам берүүнү каалагандар 0(312) 316466, 0(551) 316466, 0(990) 590990 номурлары менен байланышсаңар болот.