УКМКнын алдында «Ата Мекен» партиясы өкүлдөрү чогулушуп, алар бийликке 3 талап койду (видео)

«Ата Мекен» партиясынын бийликке койгон 3 талабы бар. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Али Токтакунов УКМКнын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Биз бийликке талаптарыбызды коёбуз. Өмүрбек Текебаевди уруп-сабап, уурдап кетүүгө аракет кылгандарды таап, жазалаш керек. Экинчиден, оппозициячыл көз караштагы саясатчылардын бардыгынын коопсуздугу камсыздалышы керек. Андан тышкары, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек. Кайра добуш берүү өткөрүшүбүз керек», — деди ал.

Бүгүн, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Кийин ал өзү окуя боюнча комментарий берип, президент Садыр Жапаровдон кол салгандарды камакка алышын айтып кайрылды.