Социалдык тармактарда «Мен аманмын, баары жакшы. Атышып жатабыз, коркпогула, Ата мекен үчүн өлүп беребиз» деген аскердин видеосу тараган.
Маалыматтарга караганда, ал 1996-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну Адилет Жумадылов. Учурда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жүрөт. Анын абалы жакшы, жаракат алган эмес.