«Ата, мен алтын алам деп ойлогом дейт. Адам ойлогондой боло берсе, жашоонун кызыгы болбой калат» дейт Мээрим Жуманазарованын атасы

Мээрим менен телефон аркылуу байланыштым. «Ата, мен алтын алам деп ойлогом» дейт. Адам ойлогондой боло берсе, жашоонун кызыгы болбой калат. Мындай оюн Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон Мээрим Жуманазарованын атасы Дүйшөн Жуманазаров билдирди.

«Кудай буюрса, алтын да болот. Мен да алтын каалагам. Алтынды ким эле жаман көрсүн. Бириккен күрөш дүйнөсүнөн айтып жатышат «биринчи жолу Олимпиададан медаль келди деп». Кыздардын ийгилиги Кыргызстанды кубантып жатат. Мээрим коло алса, Айсулуу күмүш алды. Акжол да күмүш алды. Кыргызстан тарыхта мынча медаль ала элек болчу»,— дейт ал.