«Ата, мен коркуп жатам деди» дейт тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын атасы

18-декабрь күнү Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз чарчап калган. Окуядан бир жума өттү. SuperTV телеканалы чырактай кызын жоготуп, кан жутуп турган үй-бүлөгө көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшүп, окуянын чоо-жайын уктук.

«Тиштери аябай көйгөй жаратканы үчүн дарыгерге кеңеш алганы, 3-4 менчик клиникага да бардык. Көбү 4 тиши эле жакшы экенин, дагы 4 тиши ириңдеп кеткенин айтып, эрте жасатпаса, ириң мээге чаап кетерин айтышты. Жалпы 16 тиш жасатыш керек дешти. Бааларын чөнтөккө карап салыштырдык. Дарыгер тиштерин көрүп, эрте жасатыш керек деди. «Балдарга «Севоран» менен жасатпаса болбойт, алар отуруп, оозун ачып бербейт» деди. Эсептетсек 106 миң сом болот деди. Макул болдук. Жума күнү анализ тапшырдык. Биринчи күнү келгиле дешти. Анализдерди алып, саат 11:30дарда кызым, келинчегим болуп бардык. «Кызым ыйлайт, уктагыча кармап берейин» дедим. Болбойт деп коюшту. Тиш жасачу жерге чейин көтөрүп бардым. Анан кызым «ата, мен коркуп жатам» деди. Мен «коркпо, уктап каласың, тиштериң оорубай калат» десем, макул деди. Медайым алып кирип кетти. Биз эшиктин оозунда турдук. 10 мүнөттөн кийин кайра чыкты. «Кызыңыз жакшы, уктап калды» деди. 4,5 саатта жасап бүтөбүз деген. Биз номурубузду медайымга таштап, кызыбыз ойгонгондо курсагы ачат, суу, айран алып келели дедик. Чыгып келип, кайра күтүп отурдук. 4 сааттан ашык күттүк. Анан дарыгер жазды, үстүнкү жаактагы тиштерди бүттүк, 40 мүнөттө алдыңкы тиштерин жасап бүтөбүз деп. Күтүп отурдук. 1 сааттан өттү. Бир топ дарыгерлер чуркап киришти. Кайра чыгышты аркасында биздин кыздын тишин жасаган тиш доктур бар экен. «Кызыңардын жүрөгү токтоп калды» деди. Мен келинчегимди чакырып, тиш жасаган бөлмөгө чуркадым. Кирсем эле көгөрүп жатат. 1 же 1,5 саат мурда эле каза болгон окшойт. Эмне кыларымды билбей калдым», — деди атасы.