Атабеков кур тагынбаганы үчүн айып пул төлөдү

Ырчы Мирбек Атабеков кур тагынбаганы үчүн айып пул төлөдү. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Акыркы жолу унаада ырдап жаткан учурда коопсуздук курун тагынбай койгонубуз үчүн кызматкерлер келип, протокол түзүп жатат. Айып пулду толугу менен төлөйбүз», — деди ырчы.

Буга чейин Мирбек Атабеков «Мурас» ырын белгилүү «Still D.R.E.» ырынын музыкасына салып ырдаган видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөгөн эле.