«Атай, эми апаң өз алдынча басат». Аквапаркта көз жумган окуучунун апасы Түркияда операция жасатып келди

6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Акылбек кызы Асел SuperTV каналына маек учурунда уулун жалгыз өстүргөнүн, өзүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени тууралуу айткан. 2-июль күнү Асел айым Түркияда бутуна операция жасатып, протез салдырган. Ал кечээ, 20-июлда Кыргызстанга кайтып келди.

«Мени колдоп, ден соолугумду сурап жаткандарга ыраазычылык билдирем. Мен бардык тоскоолдуктарды жеңдим. Эми бир нече айдан кийин коляска жок, өз алдымча баса баштайм. Менин Атайчигим мени карап кубанып жатса керек. Атай, эми апаң өз алдынча басат. Мен сен үчүн бактылуу болушум керек. Дайыма күлүп жүргөнгө аракет кылам. Үйүмө өзүм басып кирдим. Дарыгерлер кетип жатканда сөөктөрдүн абалы начар баспай калышың мүмкүн дешкен»,- деди ал.