Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиева да бар. Жарым кылымдан ашык убакыт бирге жашаган жубайлар сыйланды

30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Аида Исатбек кызы 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүн утурлай 20дан ашуун үлгүлүү үй-бүлөлөргө Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан куттуктоо баракчаларын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү Марлен Маматалиев 50, 60 жылдан бери үй-бүлө очогун бирге тутантып келе жаткан ата-апаларды майрамы менен куттуктады. “Сиздердин басып өткөн жолуңуздар аркылуу коомубуз алга карай алгалап келет. Биздин келечегибиз болгон жаштарды тарбиялоодо, улутубуздун баалуулуктарын, нарк-насилин, үрп-адатын жаштарга үйрөтүп, мекенчилдикке тарбиялоодо салымыңыздар аябай зор. Сиздерге дөөлөттүү карылык жана чың ден соолук каалайбыз”, – деди Марлен Маматалиев.

Үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулган саамалыкта сыйлангандардын арасында кыргыз элине белгилүү академик Миталип Мамытов жана жубайы Айна Мамытова, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана жубайы Медеркан Осмоналиева, Эл артисттери Атайбек Бөдөшов жана жубайы Каныкей Эралиева да бар.