«Атам апамды өлтүрүп салабы деп корком». Бишкекте кыздын «чара көрбөй жатышат» дегени боюнча милиция маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу кеңеш сурап коомчулукка кайрылган. Анда үй-бүлөсүндөгү көйгөйдү айткан.

«Мен студентмин. Атам дайыма апама кол көтөрөт. Апам унчукпайт. Ал үйдөгүнүн баарын талкалап бүттү. Апам үчүн абдан кейийм. Анткени бир күнү атам апамды өлтүрүп алабы деп корком. Мен жумушта жүргөндө апамды алып барып сабап, бычак шилтеп, апама тамекисин өчүрүптүр. Ленин РИИБге арыз жазабыз, алар чара көрбөйт. Апам мугалим болуп иштейт. Атам кечээ мас келген. Мен милицияга барсам мени «үйгө бар, биздин убактыбыз жок» дешти. Алар чара көрүш үчүн сөзсүз бир адам өлүшү керекпи? Биз башка жакка көчүп кеттик. Бирок атам бизди аңдып жүрөт. Биз ижарага алган батирди талкалап кетти. Апамдын жумушуна барып «концерт» коёт. Андан туугандарыбыз да коркот»,- деген билдирүү калтырган.

Окуя боюнча Ленин РИИБ маалымат берип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргөнүн билдиришти. «Аталган факты боюнча 20-июлда Ленин РИИБге кайрылып, атасы мас абалында апасына тынчтык бербей жатканын айтып, арыз жазган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. 1973-жылы туулган бөлүмгө жеткирилген. Кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши козголгон эмес. Ленин райондук сотунун чечими менен жаран 4 күнгө камакка алынган»,— дешти милициядан.