«Атам көп кайгырбасын». Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тергөө абагында отурган аялдардан кабар алды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган аялдардан кабар алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Асия Сасыкбаева, Гульнара Журабаева, Клара Сооронкулова эжелер менен жолуктум, кармалган жайда чогуу отурган айымдардын баарына укуктук консультация берип, жардам бер ушул айымдарга дешти»,- деди ал.

Ал ошондой эле экс-депутат Орозайым Нарматовага да жолукканын айтты. «Орозайым Нарматова менен да жолуктум. Туугандарына, өзгөчө атасына салам айтып коюңуз, көп кайгырбасын деди»,- деп жазды ал.