«Атам мени азыр деле «принцессам» дейт». Көпчүлүктү ыйлаткан тойдогу видеонун тарыхы

Учурда социалдык тармактарда үйлөнүү үлпөт тойдо кыздын атасынын сүйлөгөн видеосу тарап, колдонуучулардын жүрөгүн элжиретип, ыйлатып жатат.

Анда кызын турмушка узатып жаткан атанын: «Башка үй-бүлөгө кетип жатат. Менин «принцессам», көкүрөк күчүгүм. 2 агасы, 2 эжеси бар. Мен дайыма айтар элем «Адику, сен турмушка чыксаң, мен кошо кетем. Болбосо күйөө баламды алып келип алам» деп. Менин көкүрөк күчүгүм мени тойго, эки жакка чыкканда жасантып, түздөгөн ушул кызым болчу. Эми билбейм мени ким дайындайт. Ушул кызымды улууларынан жакын көрөм. Аябай ичим ачышып турат. Эми кызым бактылуу бол. Өмүрлүү болгула, балдарым. Кармашкан колуңар бекем болсун. Ушул адамдардын батасы тийсин»,- деп жатканын угууга болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги видеодогу Аделина менен байланышканыбызда, бул видео 7 жыл мурун тартылганын айтты.

«Менин атым Аделина, жолдошумдун аты Жеңишбек. Бул видео 7 жыл мурун да тарап кетип, көп көрүү алган. Нарындын кызымын. Кочкордон болобуз. Аксыга келин болгом. Азыр 3 баланын ата-энесибиз. Жолдошум токтоо, боорукер. Эч качан мага «жок» деп айтпайт. Көңүлүмдү карап турат. Таарынтпайт, ыйлатпайт, катуу сүйлөбөйт.

Атам азыр жакшы, үйгө барсам тамак ысытып «кызым тамак ичип алчы» деп шашып, чай коюп баштайт. Дагы эле «принцессам» деп айтат. 2 байкем,1 эжем бар. Атам баласаак, өзгөчө эжем экөөбүздү эркелетип чоңойтту.

Ата, мен сизди жакшы көрөм. «Сары кызым, дары кызым» деп эркелетип турганы дагы деле кулагымда. Апам экөөңүздөр аман болуңуздар», — деди ал.