«Атам ооруп, үйгө күндө Тез жардам келчү, муну карап тура албай тамак сатып баштадым» дейт 12 жаштагы Данияр

SUPERTV’нын бул жолку каарманы тамак ташып, интернетте видеосу тараган 12 жаштагы Данияр аттуу бала. Данияр 7 бир тууган. Ал атасынын ден соолугуна байланыштуу батирде жашаган үй-бүлөсүнө кам көрүп, апасы жасаган тамак-ашты базарларга, соода борборлоруна алып барып, сатып келет. Жаш болсо да үй-бүлө түйшүгүн колго алган Данияр болочокто тамактануучу жай ачкысы келерин айтат.

Анын айтымында, атасынын оорусуна байланыштуу үйүнө күндө Тез жардам кызматы барчу. «Муну карап тура алган жокмун, көчөдө оромо саткан баланы көрүп, мен да жардам берип, оромо сатууну чечтим», — дейт ал.

Даниярдын апасы албетте, баласынын мындай сунушун 3 күн кабыл алган эмес. Ага каршы болгон. Бирок акыры баланын жардам берем деген оюн четке какпай, тамактарды жасап бере баштаган. «Үйгө келип эле, апама оромо жасап бериши керектигин айттым. Башында 3 күн макул болгон жок. Анан макул болуп жасай баштады. Тамак сатып жүргөнүмө 1,5 жылдай болуп калды», — деди ал.