«Атам орус, апам орус, өзүм кыргызмын» деген жигиттин видеосу тарады

Социалдык тармактарда «атам орус, апам орус, өзүм кыргызмын» деген жигиттин видеосу тарады.

Ал видеодо 6 жылдан бери улак тартыш ойноп келе жатканын айтат. Колдонуучулардын көбү анын калпак кийгенине кубанып жатышат. Ал эми айрымдары аны «кээ бирлерге караганда кыргызча жакшы сүйлөйт экен» дешүүдө.