«Атам стресске кабылды». Нарын шаарынын тургуну «Не сахар» долбоорун акыйкатсыздыкка айыптады

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын шаарынын тургуну акыйкаттык издеп жатканын айтып кайрылды. Анын айтымында, «Не сахар» долбоору пряник чыгарган цехти каралоодо. Тактап айтканда, тартуучу топ келген учурда цехте оңдоо иштери жүрүп жаткан, цехти ээси тартуу иштерине макул болуп, тарттырган. Бирок репортаж чыга келгенде, оңдоо болуп жатканы айтылган жери кесилип калган. Ошонун айынан цехтин ээси стресске кабылып, ден соолугу начарлаган.

«Не сахар» долбоору өз кызыкчылыгы үчүн бизди акыйкатсыз каралап жатат. Атам ошонун айынан катуу ооруга чалдыкты. Биз Нарын шаарында кондитердик цех иштетип, пряник чыгарабыз. Алганыбызга 1 жылдай эле болгон. Ошондон бери колубуздан келишинче оңдоо жасап жатканбыз. «Не сахар» долбоору келип тартыптыр. Биз «макул, оңдоо болуп жатканын эл түшүнөт» деп, жаман оюбуз жок улантып жатканбыз. Анан берүү чыкканда көрсөк, оңдоо болуп жаткан жерди, сөздөрдү атайын кесип чыгарыптыр. Биз ал жакты кир бойдон уланта берсек, уялып отуруп калмак элек. Бирок биз тескерисинче болгон кирешени ошол жакка жумшап жаттык. Акыйкаттуу караш керек эле… Биз алар келгиче эле оңдоо болуп жатканынын далили менде бар. Атам ошол күндөн баштап катуу стресске кабылды. Жети бир тууганбыз. Азыр биз жаман абалда турабыз, атамдын да ден соолугу начарлап кетти», — дейт цехтин ээсинин кызы.

Редакция «Не сахар» долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов менен байланышканыбызда, эч ким тарабынан каржыланбаган социалдык долбоор тарабынан каралоо болушу мүмкүн эмес экенин айтты.

«Эч кандай каралоо болгон жок. Биздин долбоор социалдык долбоор болгондуктан, биз Нарын шаарына тургундардан түшкөн арыздануулардын негизинде барганбыз. Видеоматериалда мен цехтеги ар бир бөлмөгө кирип чыкканым тартылган, бирок оңдоо иштери жүрүп жатканын көрө алган жокпуз. «Иштеп жатканыбызга 1 жыл болду» деп жатат, демек алар 1 жылдан бери жарандарды уулап келе жатышыптыр да. Оңдолгондон кийинкиси деле талаптарга жооп бербейт экен. Эң кызыгы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ал жакты карабай, жаппай келгенинде. Ал жакты мындай абалы менен мурда эле жабышы керек болчу. Оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда цехти толугу менен жабып, анан оңдош керек. Аз да болсо, оңдолгону жакшы болуптур, биздин долбоор болбогондо, балким мурдагыдай эле абалда иштей беришмек»,- деди ал.