«Атам үйдөн кубалап, шаарга келип, зордогон баланы ичке сайып, 4 жыл жазамды өтөдүм» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Элеонора Эсенгулова болду. Каарманыбыз жашоосунда кайындары, жолдошу тарабынан бир катар кемсинтүүгө кабылганын айтып берди.

Ал 6 бир тууган. 4 байкеси жана иниси бар. 19 жашында апасынан айрылган. Апасы ооруп, 1 ай төшөктө жатып көз жумган. «Атам апам көз жумган соң, ичип кетти. Үйгө күндө ичип келип, кубалай берчү. Баарын таштап туруп, шаарга келип алгам. Шаардын четине батирге чыктым. Кулиев көчөсүнөн өтүп кетейин десем, кыздар жана ичкен эркек кишилер өтө көп экен. Павлов көчөсүнө бурулуп кеткем. Бурулуп баратканда артымда келе жаткан көк футболкачан баланы көргөм. Тийишип келе жатты, жооп бербей басып кете бердим. Дүкөнгө кирип, нан, чай алып кетейин деп ойлогом, артыман келип муунтуп кирди. Балдар көп экен. Сабашты, зордукташты. Баланын жанында бычагы бар экен. Алып туруп, сайып ийдим. Сотко барганда баарын айтып бергем. Күнөөнү мойнума ала бердим. 4 жыл жазамды өтөдүм», — дейт келин.