«Атама жардам берүүнү убада кылды». SUPERTV’нын 12 жаштагы каарманы президент менен жолугуп чыкты

SUPERTV каналы март айынын башында кыргыз-тажик чек арасында жашоодон корко турганын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылган бала менен маектешкен эле. Баткендин Көк-Таш айылында жашаган 12 жаштагы Адил Абдурахимов дээрлик эки апта мурда болгон чек ара жаңжалынын күбөсү. Бала атасы да чек аранын айынан Орусияда убактылуу кармоочу жайда отурганын айтып, президенттен жардам сураган эле.

Бул маектен кийин президент Садыр Жапаров Адил Абдурахимовду жолугушуу үчүн чакырды. Алар бүгүн, 10-майда резиденцияда жолугуп сүйлөшүштү. Ага президент уюлдук телефон жана планшет белек кылды. Адил Абдурахимовдун айтымында, президент анын атасына жардам берүүнү убадалаган.

Урматтуу көрөрман, жакынкы аралыкта SUPERTV’нын Ютуб каналына Адил Абдурахмановдун президент менен жолугушуусунан видео материал жүктөлөт. Андыктан биздин каналды акмалап туруңуздар!