Атамбаев бронхит болуп ооруп калды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруп калды. Жактоочусунун айтымында, ага өткөн аптада дарыгерлер тарабынан бронхит диагнозу коюлган. Ошол күндөн тарта анын абалы начарлап кетти.

«Бүгүнкү күндө Атамбаевдин ден соолугунун абалы эртеңки боло турган сот отурумуна катышууга жол бербейт. Өткөн аптадан бери оорусу күчөгөнүнө байланыштуу ден соолугу начарлап кетти», — деп билдирди Замир Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы сот отуруму эртең саат 10:00до Биринчи Май райондук сотунда болот.