Атамбаев ден соолугуна байланыштуу үчүнчү жолу сотко келе алган жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы соттук процесс дагы жылдырылды. Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы жана башка бириктирилген иштер боюнча соттук териштирүү өтмөк.

Бирок сотко башкы айыпталуучу алып келинген жок. Анда Атамбаевдин арызы окулуп, соттук отурумду ден соолугуна байланыштуу дагы бир аптага жылдырууну суранган. Буга чейин да соттук отурум мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу эки жолу жылдырылган эле.