Атамбаев душмандары тууралуу: «Алардын түшүнө кирем»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февралда абактан чыккандан кийин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал суроого жооп берип жатып, ага карата өкүм чыгарган судьялар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарганын айтты.

«Билем, көп адамдар менин абактан чыгышымды каалаган жок. Мен алардын түшүнө кирем деп ойлойм. Керек болсо, абакта тынч уктаган жакшы, үйдө жатып «Атамбаев чыкты» деп чочуп ойгонгондон көрө», — деди ал.

Атамбаев алардын атын атаган жок. «Мен эч кимдин артынан куубайм. Менин колдоочум бар деп ойлойм. Ал адамга караганда катаал жазалайт», — деди ал.