Атамбаев: “Соке дос” – өмүрүмдө жолуккан ыплас нерсе. Өч алууга убакыт коротуунун кажети жок”

Алмазбек Атамбаевдин абактан жазган катын жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда ал эл арасында тараган “Атамбаев Жээнбековдон өч алууну эңсейт” деген пикирлерге жооп калтырган.

«Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн «Соке дос» өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. «Соке дос» тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында «Кудай Сокедей достон сактасын» деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок», — деп жазылат анда.