Атамбаевди үй камагына чыгарууну тарапташтары суранышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана жакындары №47 колониянын жанына чогулушуп, анын үй камагына чыгарылышын суранышты. Буга чейин Атамбаевдин бронхит болуп ооруп жатканы маалымдалган. Мындан улам тарапташтары Алмазбек Атамбаевди ден соолугуна байланыштуу үйгө бошотуусун айтышты.

Колониянын жанына  мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева да келген. Ал президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылып: Алмаз Шаршенович тергөө абагында 1 жыл 3 ай отурду. Кан басымы ылдыйлап, катуу суук тийип калыптыр. 10 күндөн бери 1 жолу гана жолугушууга уруксат беришти. Атамбаевди үй камагына чыгарып беришсин же ага шарт түзүп берип, соттук ишин адилеттүү карашсын”, — деди.