Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев эмне үчүн УКМКга жеткирилгенин айтты

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди УКМКга алып кетишкенин мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева соцтармактагы баракчасына жазган.

Канат Сагымбаев социалдык тармактагы баракчасына УКМКга профилактикалык сүйлөшүүгө барганын айтты. «Урматтуу кыргыз элим! Менде баары жакшы. УКМКга профилактикалык сүйлөшүүгө барып келдим. Кармалган жокмун»,- деп жазды ал.