Атамбаевдин санаалаштары абактын алдына чогулушту (сүрөт)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалаштары абактын алдына чогулушту. Алар аны Молдовановкадагы №27 абактын алдында бошотулат деп күтүп жатышканын соцтармактагы баракчалары аркылуу жарыялашты.

Буга чейин Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн.