Атамбаевдин түрмөнүн короосунда басып жүргөн сүрөтү жайылды

Социалдык тармактарга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин түрмөдө тартылган делген сүрөтү тарап кетти. Билдирүүгө анын №47 колониянын короосунан тартылганы жазылган. Анда Атамбаевдин эркин басып жүргөнүн көрүүгө болот.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү мурдагы президентти тарапташтары УКМКнын СИЗОсунан алып чыгышкан. 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтындагы башаламандыктан кийин эртеси күнү кармалган.