Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда саясатчылар мушташа кеткени айтылууда

Ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюна байланыштуу ызы-чуулар аягына чыкпай жатат. “Репортер” сайты тойдо Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Таалайбек Сабиров менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мушташа кетишкенин жазып чыкты. Анда саясатчылар адегенде сөз талаша кетип, анын аягы кол көтөрүүгө чейин жеткени айтылат.

Ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөнткөн тойго миңдей конок чакырганы, анын ичинде саясатчылардын жоон тобу барышканы айтылган. Депутаттар Азамат Арапбаев, Аида Касымалиева, Алтынбек Сулайманов, Искендер Матраимов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, экс-мэр Мелис Мырзакматов жана башкалар тойго чакырылган. Кийин УКМК териштирүү иштерин баштаганын анын жыйынтыгында Жалил Атамбаевдин уулу УКМКдагы кызматынан кол жуушу ыктымал экендиги маалымдалган.