«Атамдай болгон киши кыйнап, аял кылып жүрүп, 2 бала төрөдүм. Экөөнү тең бирөөлөргө бердим» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы 31 жаштагы Бактыгүл Жээнова. Ал балдар үйүндө тарбияланган. Бир колу тубаса мунжу. Учурда келин таштандылардан бөтөлкө чогултуп, күн кечирип келет. Келин үшүгөн кезде автобуска түшүп алып, максатсыз шаар кыдырарын айтат. «Эки ирет турмушка чыктым, экөөнөн тең жолум болгон жок» деп кейиген келин тагдырын айтып берди.

Анын айтымында, жаңы эле балдар үйүнөн тарбияланып чыккан соң, тааныш эжесинин сунушу менен Чолпон-Ата шаарына барып, эженин үйүн таппай жүрүп, топ балдарга жолугуп калган. Алар аны зордукташып, талаага таштап кетишкен. Боюна бүтүп, боюндагы баласы менен турмушка чыккан. «Мен ошол окуядан кийин стресске туш болдум. Айтайын десем, же апам, же бир тууганым жок. 4 айлык боюмдагы балам менен турмушка чыктым. Төрөдүм. 1 жашка чыгайын дегенде чарчап калды. Кийин дагы төрөдүм. Кайын журт жашоого аралаша берегенинен уулумду таштап, жаңы жашоо баштайын дедим. Уулум быйыл 7ге чыгат», — деди ал.

Ал мындан тышкары, өзүнөн бир топ улуу кишиге жолугуп калганын, ал кыйнап, аял кылып жүргөнүн айтат. «Ал 52 жашта болчу. Никелешкен эмеспиз. Мени кыйнап, аялым болосуң деп, эс алуучу жайларга алып барып… Мен качканга аракет кылдым. Ур-токмокко алып жатты. 2 балалуу болдум. Эки баланы тең эки жакка чачыраттым. Эки үй-бүлөгө бердим. Бирөөсү 2ге, бирөөсү 1ге чыгып калды. Ал кишиден терезеден качып кеткем», — деди ал.