«Атамдан калган унааны оңдоп айдагым келет». Чек ара чырында аткыланган унаанын ордуна президент жаңысын тартуулады

2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда тажик аскерлеринин огунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан унаа берилди. Унааны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Чек ара чырында Мамасалы Каратаев өзүнүн «Лексус» үлгүсүндөгү унаасы менен жабыркаган чек арачыларды жана жай тургундарды ташыган. Ошол каттамдардын биринде унаасы аткыланып, Мамасалы Каратаев каза болгон.

Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчысы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды. Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашашат. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган.