“Атамды көптөн бери көрө элекмин, кучактагым келип жатат” дейт Элмирбек Иманалиевдин кызы

Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо кечээ 44 жашка чыкмак. Акындын үй-бүлөсү аны эскерүү иретинде Элмирбек Иманалиевдин жакындарын үйүнө чакырып, куран окутту. SUPERTV да акындын үйүнө барып, үй-бүлөсүнүн ал-акыбалын сурап кайтты.

Элмирбек Иманалиевдин кызы Жайдары Иманалиева атасын мындай эскерди.

“Атам экөөбүз мектепти айланып сейилдечүбүз. Ал мага өзүнүн балачагы тууралуу айтып берчү. Көп нерсе жөнүндө сүйлөшчүбүз. Атамды көптөн бери көрө элекмин. Кучактагым келип жатат”, — деп көзүнө жаш алды.

Андан соң атасынын “Булбулум” чыгармасын аткарып, буларга токтолду.

«Атамдын айтыштарын, видеолорун азыр да интернеттен көрүп турам. Көбүнчө казактар менен айтышканы жагат. Казактар менен айтышкандары кызыктуу болчу”, — дейт кызы.

Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн төмөнкү видеодон көрө аласыз.