«Атамды тажиктер издөөгө берип, Орусияга барганда аскерлер кармап кетишти» дейт кичинекей Адил

“Атамды тажиктер издөөгө берип, Орусияга барганда аскерлер кармап кетишти. Биз аны сагынып ыйлап жатабыз”, — дейт Баткендин Көк-Таш айылыны кичинекей жашоочусу Адил Абдурахимов.

Анын айтымында, атасы Эсен Мажитов 18-апрель күнү Орусияга иштеп келүү үчүн кеткен. Аэропортко жеткенде эле Орусиянын күч түзүмдөрү кармап кетип, учурда Орусиянын убактылуу кармоочу жайында.

“5 жыл мурда атамдын агасын да тажиктер кармап кетип, уруп-согуп өлүп калган экен. Эми атамды Орусия Тажикстанга өткөрүп берип койбосо экен деп коркуп атабыз”, — дейт Адил.

Адилдин эжеси Бүбиниса Мажитованын айтымында, Эсен Мажитовго тажиктердин жерин басып алды деген айып коюлууда. Бирок үй-бүлө ал жерде 30 жылдан ашык убакыттан бери жашап келет.

Маекти толугу менен шилтемеге өтүп көрө аласыздар.