«Атасы алдап алып кеткен». Базар-Коргондо келин балдарын 4 айдан бери көрө албай келет

Келин дээрлик төрт айдан бери балдарын көрө албай жатат. Судья ар бир сот отурумунда ишти тез арада токтотууну же күйөөсүн балдары менен көрүүгө уруксат берүүнү милдеттендирүүнү суранганына карабай, ишти кийинкиге калтырып жатат. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Базар-Коргон районунун 35 жана 29 жаштагы тургундары 2011-жылы турмуш курушкан. Алардын жашы жете элек төрт баласы бар. 2022-жылдын башында алардын ортосунда пикир келишпестик болгон. Аялы менен балдары ата-энесине кеткен. Күйөөсү эч кандай материалдык жардам көрсөткөн эмес. Ал эми 2022-жылдын август айында аял Орусияга иштөө жана дарылануу үчүн кеткен. Күйөөсү аялынын жоктугунан пайдаланып, алдоо жолу менен 3 баласын өзүнө алып кеткен. Келиндин ата-энесине балдарын сагынганын, убактылуу аларды жанына берүүнү суранган. Келиндин ата-энеси экөөнү жарашат деп ойлоп, балдарды берген. Андан кийин атасы балдарына алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылган. Алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун алган аялдын ата-энеси бул тууралуу кызына билдирүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле атасы балдарды да кайтарбай койгон. 

Сентябрь айында келин Орусиядан  кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ал кайтып келгенден кийин алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сотто келин күйөөсү ажырашуу үчүн сотко кайрылганын билген. Ал доо арызында алардын ортосунда алынган мүлк жана балдар боюнча эч кандай талаш-тартыш болбогонун көрсөткөн. Бирок талаш болгон.

Келин балдарды аны менен бирге аныктоо жана үй-бүлөлүк жашоонун жылдарында курулган үйдү биргелешип алынган мүлк деп таануу өтүнүчү менен арыз жазган. Ошондон бери сот жылдырылып келет. Дагы бир соттук отурум 12-декабрга белгиленген.