“Атасы сабаган”. Бишкекте колу байланган жигитти ким сабаганы белгилүү болду

Бишкекте көчөдө колу байлануу жигитти сабаган анын атасы экендиги белгилүү болду. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, анын апасынын айтымында баласынын ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө ичинде жаңжал болуп келген.

Видеодо кайгуул кызматкерлери окуяга көңүл бурбай өтүп кеткенин да көрүүгө болот.

Ата-эне баласын бир нече жолу ооруканага жаткырууга аракет кылып, бирок жигит кескин түрдө каршылык көрсөтүп жүргөнү аныкталган.

Милиция бул үй-бүлөнүн ички иши экенин эске алып, башка маалымат бербей турганын кошумчалады.