«Атасыз жашаган кандай арман». Бишкекте журналист Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси болуп өттү (сүрөт, видео)

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында журналист Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага анын жакындары, санаалаштары, саясаттагы достору катышты.

Эскерүү сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен башталды. Алгач эле ырчы Гүлзинат Суранчиева менен Эшимкановдун кызы атасына ырналган ыр менен чыгышты. Андан соң достору, кесиптештери катары Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, Ибрагим Жунусов, Эмилбек Каптагаев, Байма Сутенова, Нургүл Бакирова сөз сүйлөп, маркумдун мыкты адам, мыкты үй-бүлө башысы, мыкты ата, мыкты журналист, мыкты саясатчы экенин баса белгилешти. Төкмө акын Асылбек Маратов Эшимкановго окшогон журналисттердин көбөйө беришин каалады. Чет өлкөдө жүргөн уулу атасынын жолун жолдоп, журналист экенин айтып, атасын унутпай иш-чарага келгендерге ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө экс-премьер Темир Сариев анын мыкты саясатчы болгонун баса белгилеп, башында оппозицияда чогуу болушканын, кийин маркумдун бийликке өтүп кеткенин айтып, «бизди урушуп, тилдечү, анан мен «эмнеге минтип жатасың?» деп суроо салганда, оппозицияны кандай колдосом, бийликти дагы ошондой колдойм» деп айткан сөзүн эч унутпарын айтты.

Иш-чара ырчылар Жамиля Муратованын Жоктоо ыры, Каныкей Эралиеванын «Сүйүү мунары» аттуу ырлары менен коштолду.