«Ататүрк» парктын кайтарылган аймактарында эмне болот? Мэр жооп берди

«Ататүрк» парктын кайтарылган аймактары эс алуу аймагы катары пайдаланылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 16-апрелде мэр Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын чек ара маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Шаар башчысы кайтарылган аймактар экологиялык абалды жакшыртуу максатында сейил бак катары пайдаланыларын белгиледи. Шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн көчөттөрдү отургузуу, жашыл аянтты көбөйтүү, шарттарды түзүү пландалууда.

12-апрелде Жунушалиев аянты 107 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек аралары Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген чек араларды бекитүү токтомуна кол койгон. Алсак, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.