Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Ататүрк атындагы сейил бактын чыгыш тарабында жайгашкан объектилерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты. Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган. Башкармалык аталган мыйзам бузууну жоюу иштерин баштады.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.