Аттестация учурунда 4 аким кызматын тапшырган

Өлкөдөгү райондордун акимдерин аттестациядан өткөргөн учурда 4 аким арызын жазып берген. Алар өз каалоосу менен кызматын тапшыра турганын билдиргенин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Кадыбек Алышбаев билдирди.

Алар:

— Жалал-Абаддагы Чаткал районунун мурунку акими Накетаев Жуманалы Алтымышович;

— Таластагы Бакай-Ата районунун мурунку акими Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович;

— Чүйдөгү Ысык-Ата районунун мурунку акими Тайгашкаев Руслан Авасканович;

— Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун акими Сарбагышев Максатбек Канатбекович.