Аттестат ала турган бүтүрүүчүлөр. 5 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти сакташат

21-23-июнь күндөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Өлкө ичинде орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, көчөлөрдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт. Жогорудагы иш-чарага ылайык, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын иш-мерчемдер түзүлүп, ага тартыла турган ИИОнун күч каражаттарынын эсеби такталды. Жалпы республика боюнча 5 миңдей милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого тартылат.
«Эскертебиз, иш-чара өткөрүлүүчү күндөрү коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат. Бул көрүлүп жаткан чаралар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай терс көрүнүштөргө аралашуусун, жол кырсыктарына дуушар болуусун алдын алууга багытталган», — деп жазылат маалыматта.