Аты келип, өзү жок… Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран боюнча милиция маалымат берди

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 29-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Чүй облустук милициясы маалымат таратып, Шакиев Мирдан Бекбоевич дайынсыз болуп изделип жатканын билдирди. Жакындарынын айтымында, ал 29-ноябрда саат 09:00 чамасында Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна аты менен кеткен бойдон кайтып барган эмес. Анын аты үйүнө барган.

Ким-ким жаранды көргөн болсо, 0705507071, 0701 886-295 номурларына чалсаңар болот.