Аты келип, өзү жок… Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран изделүүдө

29-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылып, жалпы 11 адам издөө иштерине чыгышты. Издөө аракеттери учурда улантылууда.