Чек арадагы жаңжалга байланыштуу көчүрүлгөн жарандардын саны 800дөн ашты

Чек арадагы айылдардан көчүрүлгөн жарандардын саны 800дөн ашты. Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жарат алып, 1 жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдин саны 848ди түздү. Анын 498 Баткен шаарына, 350 Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек.

Кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, бүгүн, 29-апрелде эртең менен саат болжол менен 4:40 чамасында алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан. Ошондой эле аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан Кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган. Андан соң саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону баштаган», — деп айтылат маалыматта.