Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Авазбек Атаханов 2024-жылдын сентябрь айында аталган кызматка дайындалган.