Августта кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар августтун аягында 4 күн катары менен эс алышат. Эс алуу күндөрү 28, 29, 30 жана 31-август болот.

31-авгус — Эгемендүүлүк күнү, майрам. 28-август — ишемби, 29-август — жекшемби. 30-август, дүйшөмбү, эс алуу күнү болот, анткени мурда 10-майдагы эс алуу күнү ушул күнгө жылдырылган.

Быйыл 9-май Жеңиш майрамы жекшемби күнгө туш келген. Эгерде майрам күнү дем алыш күнгө дал келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө жылдырылат. Андыктан кыргызстандыктар 9-майды, 10-майда эс алуусу керек болчу. Бирок бул эс алуу күнүн 30-августка, дүйшөмбүгө жылдыруу чечими кабыл алынган.